Жол-кайгуул кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусундагы башкармалыктарындагы бош орундар үчүн 2-октябрдан тарта сынак жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сынакка катышкандар жол коопсуздугунун эрежелери, нормативдик-укуктук актылар, дене-тарбия даярдыгы боюнча норматив тапшырат. Андан өткөндөр баарлашууга барат.
Ал ортодо жол кайгуулчуларды аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрү бул сынак мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирип чыгышты. Аталган комиссияга жарандык коом атынан тандалган мүчөсү Калича Умуралиеванын айтымында, ИИМдин жетекчилиги сынакты комиссия мүчөлөрүн катыштырбастан өткөрүүдө.
ИИМ болсо мындай дооматты четке кагууда. Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, Умуралиева баш болгон жарандык коом өкүлдөрү жол кайгуул кызматында иштеп жаткандарды аттестациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү болгон. Ал эми жаңыдан жарыяланган сынакка алардын тиешеси жок экенин Абдраимов кабарлады.(BkA)