Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Жексондун өлүмү боюнча промоутердик компания акталды


Лос-Анжелесте Сот арачылары атактуу ырчы Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын күнөөсү жок деп тапты. Ырчынын туугандары AEG Live компаниясын Жексондун өлүмүнө күнөөлөп, сотко кайрылган. Алардын жүйөөсүндө, Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррейди ырчыга дал ушул компания жалдап берген. 12 адамдан турган сот арачылары AEG Live компаниясы Мюррейди жалдап бергенин тастыктап, бирок алардын кадамында мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыгарды.

Поп - музыканын айтылуу жылдызы Майкл Жексон 2009-жылы 25 - июнда 50 жаш курагында дүйнө салган. Анын өлүмү үчүн мурдагы жеке дарыгери Конрад Мюррей күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Тергөө маалыматына ылайык, Мюррей Жексонго уйку дарысын ашыра берип, коопсуздук чараларын көргөн эмес. Анын натыйжасында ырчы ажалга моюн сунган.

XS
SM
MD
LG