Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Акыйкатчыны шайлоо боюнча комиссия курамы жаңыланды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата-Журт”, “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары акыйкатчы шайлоо боюнча комиссиядагы өз өкүлдөрүн алмаштырды. Ага ылайык, “Ата-Журт” фракциясынан Надира Нарматова, Кантемир Мырзабеков, “Республикадан” Абдыжапар Бекматов менен Максат Сабиров жана “Ар-намыс” фракциясынан Татьяна Левина комиссияга мүчө болду.

Парламенттин кечээги жыйынында акыйкатчыны шайлоо чыр менен коштолуп, аталган фракциялар өз мүчөлөрүн чакырып алышкан. Анда шайлоонун экинчи турундагы добуш берүүдө ашыкча бюллетендер колдонулганы белгилүү болгон.

Бүгүн жыйын жүрүшүндө айрым депутаттар комиссиянын курамын толугу менен алмаштыруу демилгесин да көтөрүшүүдө.

Бүгүн Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоонун экинчи туру өтөт. Жыйында комиссия курамы жаңыртылып, андан соң добуш берилет.(BkA)

XS
SM
MD
LG