Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жумгал районунда митинг өтүүдө


Жумгал районунун Көк-Ой айыл аймагынын тургундары райондук администрациянын алдына боз үй тигип, митингге чыгышты. Алар өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна жана Көк-Ой айылына тиешелүү үлүш жерлерин кайрадан тактап, жери жок тургундарга бөлүп берүү талабын койууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" нааразылык акциясына катышып жаткан Көк-Ой айылдык кеңешинин төрагасы Мурат Кыргызбаев билдирди. Анын айтымында, учурда 60тай адам чогулуп турат. Нааразылык акциясы кечээ да болгон. Талаптар аткарылмайын митинг улана берери айтылууда. (Tsh)
XS
SM
MD
LG