Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланган Бакыт Аманбаев бүгүнтөн тарта ишке киришет жана аны Омбудсмен институтунун соңку беш жылдык ишине анализ жүргүзүүдөн баштайт. Бул тууралуу Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” билдирди. Ал шайлоо адилеттүү өттү жана бир тууган эжеси, “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеванын гана жардамы менен акыйкатчы болуп шайланды дегенди четке какты. Ал бул кызматты аркалап кетүүгө тажрыйбасы жетиштүү экенин жана Турсунбек Акун менен тил табыша аларын кошумчалады.
Бүгүн депутаттардын көпчүлүк добушу менен Бакытбек Аманбаев акыйкатчы болуп шайланды. Аманбаевди 102 депутаттын 52си колдоду. Ушул эле күнү жаңы акыйкатчы депутаттардын алдында ант берип, Акыйкатчы институтун жакшыртууга болгон аракетин, билимин жумшай турганын айтты. Экинчи турга өткөн экинчи талапкер депутат Асия Сасыкбаевага депутаттардын 45и добуш берген.