Өзбекстандын борбору Ташкентте акыркы жыл ичинде адамдарды өлтүрүп, тоногон түгөйлөр кармалды. 37 жаштагы Жалолиддин Халилов жана анын аялы, 35 жаштагы Наргиза Уразимбетова Ташкентте жана башка шаарларда жалгыз бой карыларды тоноо менен алектенген.
Жубайлар 14 кылмышты мойнуна алды. Алар карыялардын колу-бутун байлап, ооздорун бекитип тоногон. Тонолгон карылардын бешөө тумчугуп каза тапкан. Жубайлардын жашы жете элек кызы да кылмыш иштерине катышкан деп шектелүүдө.