Бул тууралуу “Фридом Хаус” уюмунун интернеттин жана санариптик медианын дүйнөдөгү абалына баа берген жаңы баяндамасында айтылат.
Кыргызстан баяндамада камтылган 91 өлкөнүн ичинен тизмеде 35-орунга чыгып, интернет жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарына кошулган.
Баяндамада белгиленгендей, Кыргызстанда өкмөт негизинен интернетти цензуралабайт, бирок кээ бир саясий жана жаңылык сайттары, мазмуну талаштуу же зыяндуу делген материалдарга маал-маалы менен тосмо коюлуп турат.
2012-жылдын май айынан 2013-жылдын апрелине чейинки негизги чектөөлөрдүн бири катары “Фергана” жаңылыктар сайтынын тосмолонушу көрсөтүлгөн.
“Фридом Хаустун” өкүлү Лаура Рид “Азаттык” радиосуна буларды айтты:
– Кыргызстанда жигердүү жарандык коом онлайн мазмунду чектөөгө каршы тура алды. Интернеттеги мобилизация жана өнөктүк терс таасир тийгизүүчү потенциалы бар мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербөөдө ийгиликке жетише алды.
Эл аралык Телекоммуникация уюмунун эсебине караганда, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда интернетти колдонуучулар калктын 21,7%, Бишкектеги M Vektor компаниясынын эсеби боюнча 30 пайызды түзгөн. Бирок мамлекеттик Байланыш агенттиги мындан кыйла жогорку сандарды берүүдө. Алардын эсеби боюнча өлкөдө интернет колдонуучулардын саны 3,5 миллионго жетет.