Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Грузин бийликтери кыргыз жаранын «жихад видеосу» үчүн издешүүдө


Грузиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ооганстанда кызмат өтөп жаткан грузин аскерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн коркуткан видеону интернетте тараткан адамдын ким экени аныкталды. Грузин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нино Гиоргобани белгилегендей, ал Кыргызстандын 1989-жылы туулган Самар Чокутаев ысымдуу жараны. Маалымат технологиясы боюнча адис Чокутаев Абхазия борбору Сухимиде орусиялык уюлдук байланыш компаниясында иштеген.

Грузин бийликтери Самар Чокутаевдин үстүнөн өлкөнүн Кылмыш кодексинин 330-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, аны камакка алууга буйрук чыгарышты. Ал “террордук акт жасоого шыктандырган маалыматты ачык тараткан” деп айыпталууда.
Грузин Ички иштер министрлиги кабарлагандай, учурда Самар Чокутаев изделип жатат.

Чокутаев “Талибандын Ооганстандагы грузин аскерлерине жихады” деп аталган видеону интернетке 2013-жылдын 4-июнунда чыгарган.

Видеодо грузин аскерлери менен катар президент Михаил Саакшвилинин дарегине да коркутуу сөздөрү айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG