Анда район аймагындагы Көк-Ой айылынын тургундары өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна жана аталган айылга тиешелүү үлүш жерлерин кайрадан тактап, жери жок тургундарга бөлүп берүү талабын койууда. Митингге чыккандар эки күндөн бери райондук акимияттын алдына боз үй тигип, нааразылыгын билдиришүүдө. Айылдык кеңештин төрагасы Мурат Кыргызбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, айылдыктар талаптар аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта бермекчи.(BkA)