Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Италияда 134 адам сууга чөгүп өлдү


Жер ортолук деңизде бейшембиде чөгүп кеткен кемедеги 134 жүргүнчү каза болуп, 200дөн ашыгы дайынсыз. Кемеде жалпысынан 500гө жакын мигрант болгон. Ал Африканын Эритрея, Гана жана Сомали өлкөлөрүнөн Италияга келатышкан. Ливиядан сапар алган кеме Италиянын түштүгүндөгү Лампедуза аралынын жанында кырсыкка учураган. Кырсыктан соң италиялык куткаруучулар 150гө жакын адамды куткарып калышкан. Бул кырсыкка байланыштуу Италияда бүгүн аза күнү жарыяланды.

Лампедуза аралы Тунис менен Сицилиянын ортосунда жайгашкан. Бул арал аркылуу миңдеген африкалык мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке кирген өлкөлөргө келишет. Өткөн аптада эле Сицилия аралынын жанында кеме кырсыкка учурап, 13 мигрант каза тапкан.

XS
SM
MD
LG