Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Ош облусунун тургуну 1-октябрда көчөдө күтүүсүздөн каза болгон. Дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп кеткен деген диагноз коюшкан. Каза болгон келин жаш баласы менен жашап жүргөн. Учурда баласы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Каза болгон жарандын сөөгү 7-октябрда Кыргызстанга жөнөтүлөт.(BkA)