Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосунда абал туруктуу экенин бүгүн Чек ара кызматынан маалымдашты. Буга байланыштуу Ала-Бука райондук чек ара отряды кадимки шартта иштей баштады.
Үңкүр-Тоого өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Андан соң кыргыз аскерлери да барып жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станциясы бар.
Кербен жана Бишкек шаарларында өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы нааразылык акциялары болгон. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоодон чыгарылган. Бул окуяларга байланыштуу райондук чек ара отряды күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн эле. (КЕ)