Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Түптө реабилитациялык борбор ачуу пландалууда


Түп айыл өкмөтүндө зомбулукка кабылган балдар үчүн социалдык – реабилитациялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Түп районунун акиминин орун басары Руслан Түпөев билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай борборду ачуу демилгеси "Балдардын укугун коргоочулардын лигасынын" директору Назгүл Турдубековага таандык.

Буга чейин райондук акимчиликтин өкүлдөрү, Түп айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Бишкекке барып, шаардагы кризистик борбордун иши менен таанышып кайткан. Учурда айыл өкмөт кризистик борборго имарат караштырууда. Быйыл уюштуруу иштери жүрүп, тиешелүү түзүмдөрдөн ыкчам топ түзүлөт.

Руслан Түпөев "Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" имаратты даярдоодо, долбоор жазууда, оргтехникаларды алууда көмөктөшөрүн кошумчалады. (МК)

XS
SM
MD
LG