Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:16

Президенттик шайлоону таза өткөрүүгө бардык аракет жумшалат

Бул тууралуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районунда коомдук жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземинде билдирди.

“Кыргызстан 2017-жылы жаңы президентин шайлайт. Шайлоону таза өткөрүүгө бардык аракеттерди жасайм. Жакында Европага барганда да таза шайлоо өткөрүүгө жардам бергиле деп сурандым”, - деди Атамбаев. Ал элди убагында өлкөнү өз кызыкчылыгы үчүн талкалап, азыр кооз сүйлөгөн саясатчылардын сөзүнө алданбоого чакырды.

Масалиевдин эстелиги ачылган соң Алыш айылында туулган үйүндө куран окутулду. (КЕ/JsA)
XS
SM
MD
LG