Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Жаңы акыйкатчы Турсунбек Акун менен сүйлөшүүдө


Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Акыйкатчы институтуна барып, учурда Турсунбек Акун менен жеке жолугууда. Бул тууралуу ал жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Буга чейин Жогорку Кеңеш бүгүн Бакыт Аманбаевди омбудсмендин жамаатына тааныштырат деп айтылып жаткан. Бирок Аманбаев алгач өзү Турсунбек Акун менен сүйлөшүп көрүү үчүн барган.

Бакыт Аманбаевди 3-октябрда Жогорку Кеңеш акыйкатчылык кызматка бекиткен. Бирок экс-акыйкатчы Турсунбек Акун шайлоону жана тандап алууну мыйзамсыз деп атап, иш кабинетин бошотуп бербесин айткан. Ал 19 күндөн бери өзүнүн мыйзамсыз бошотулганын жана “мыйзамдагы ууру” делген Азиз Батукаевдин маселесин адилет териштирүүнү талап кылып, ачкачылык кармап жатат.

XS
SM
MD
LG