Нарындын Ак-Талаа районунун Үгүт айылында курулуп жаткан асфальт-бетон заводунун 95 пайыз курулушу бүтүп калды. Бул тууралуу Нарын унаа жолдорун өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков билдирди.
Маалыматка ылайык, заводдун жалпы курулушуна 25 миллион сом коротулган. Бул курулушка акча кыргыз өкмөтүнө Түркия грант катары берген каражаттан бөлүнгөн. Завод ишке кирсе саатына 80 тонна асфальт чыгара алат жана 20га чукул адам иш менен камсыз болмокчу.
Абдылдабековдун айтымында, келерки жылдан баштап заводдун жардамы менен Ак-Талаа районундагы айылдардын ички жолдору оңдоло баштайт.
Заводдон өндүрүлүп чыккан асфальт-бетон Ак-Талаа, Нарын райондорунун унаа жолдорун оңдоп-түзөө үчүн колдонулмакчы. (TSh)