Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Атамбаев Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. “Мугалимдик кесипти тандап, тагдырын бул ишке арнаган адамдарга карата жүрөктө ыраазычылык жана сый-урмат сезими өмүр бою сакталат. Эң татаал мезгилде сиздер өз кесибиңерди таштабай, балдарды окутуп, тарбиялоого убактыңарды аябастан эмгектенип, өлкөнүн келечеги үчүн иштеп келатасыздар”, - деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Бүгүн мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү. Анда “Балдарга жүрөгүмдү арнайм” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Бишкек шаары боюнча “Жылдын мыкты мугалими” наамына 12-мектептин мугалими Ирина Урюпина татыды. Мындан сырткары бир катар мугалимдер “Мыкты жаш мугалим”, “Мыкты класс жетекчи” жана “Мыкты тарбиячы” деген номинация боюнча сыйланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG