Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:36

“Манас” аэропорту өзүнчө авикомпания ачышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун вице-президенти Нурлан Мамыров кабарлады. Анын айтымында, аэропорт өз күчү менен же стратегиялык өнөктөштөр менен бирге базалык авиакомпания түзүүнү пландоодо. Ал баа жана шарты жагынан башка авиакомпаниялардай эле иштейт. Бирок азыр бул багытта стратегиялык өнөктөш аныктала элек.

“Авиакомпания түзгөнгө кандай шарт бар экенин, ал өзүн актайбы жокпу учурда биз изилдеп жатабыз. Мисалы Кыргызстандын авиакомпанияларынын Европага учканга укуктары бар болчу. Эки өлкөгө учкандан эле бир жылда “Кыргызстан” аба жолдоруна 6 млн. долларга жакын киреше алып келчү. Он жыл ичинде бери дегенде 60 млн. доллардай пайданы албай калдык,” - дейт Мамыров.

Кыргызстанда 20га чукул авиакомпания катталган. Алардын бардыгы акыркы алты жылдан бери Евробиримдиктин аба мейкиндигине учууга тыюу салынып, “кара тизмеге” киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG