Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Башка динди жаманатты кылгандарга чара көрүлөт


Кыргыз өкмөтү диний миссионерлердин мыйзамсыз аракеттерине административдик чара көрүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады. Ага ылайык, өлкө аймагындагы бардык миссионердик мыйзамсыз иштерге, анын ичинде башка динди жаманатты кылып, өз динин таңуулагандарга административдик чара көрүлүшү керек. Мындай шартта жеке адамдарга 5 миңден 7 миңге чейин, юридикалык жактарга 20 миңден 30 миңге чейин айып пул салынат.

Диний эркиндикти жактаган укук коргоочулар өкмөттүн бул демилгесин адам укугуна шек келтирүү катары баалап, кескин сындашууда. (КЕ/BuS)

XS
SM
MD
LG