Орусиянын Тюмен шаарында кыргызстандык жарандарды тоногон кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев кабарлады. Анын айтымында, Орусиянын жана Кыргызстандын милиция кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында кармалган кылмыштуу топтун курамында 6 кыргызстандык жаран болгон. Алар аймактагы кыргызстандык ишкерлерге салык салып, акчаларын тоноп турган. Мындан улам Орусиядагы кыргызстандык ишкерлер бир нече жолу милицияга арыз менен кайрылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Орусияда камакка алынды. (BkA)