Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Евробиримдик Тимошенкого кечирим берүүгө чакырды


Евробиримдик өкүлдөрү Украина президентинен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого кечирим берүүнү өтүндү. Бул тууралууТимошенконун адвокаты Сергей Власенко жума күнү кабарлады. Власенконун айтымында, мындай өтүнүчтү Европарламенттин мурдагы төрагасы Пет Кокс менен Польшанын мурдагы президенти Александр Квасневский украин президенти Виктор Янукович менен жолугушууда келтирген. Ага чейин бул адамдар Харьковдогу түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Юлия Тимошенконун абалы менен таанышкан.

Юлия Тимошенкону 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген айып менен 2011-жылы жети жылга түрмөгө кесишкен. Андан бери экс-премьерге “салыктан качкан”, “акча уурдаган” жана “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деген айыптар да тагылууда. Тимошенко өзү мунун баарын “саясий айыптоо” деп сыпаттап, күнөөнүн бирин да моюнга алган эмес.

XS
SM
MD
LG