Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

БУУнун баш катчысы Египеттеги кырдаалга тынчсызданды


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Египеттеги акыркы күндөрдөгү башаламандыктарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Баш катчы мындай билдирүнү 4-октябрда баш калаа Каирдеги бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан соң жасады. Бул кагылышта төрт адам каза болуп, ондогондору жараат алды.

Кагылыш Мурсинин талапкерлери Каирдин борбордук Тахрир аянтына кирүүгө аракет кылганда башталган. Митингдер борбор калаанын мындан башка эки районунда да орун алды.

Египеттин армия жетекчилиги 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан. Мурсинин тарапкерлери аскерий жетекчиликке каршылык билдирип, маал-маалы менен нааразылык акцияларын уюштуруп келет. Июлдагы полиция менен Мурсинин тарапкерлеринин кагылышынан 900дөн ашык адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG