Өзбек-кыргыз чек арасында 180дей вагон күйүүчү майы менен токтоп турат. Эки тарапка тең күнүнө бир-экиден вагон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөнүн темир жол кызматынан Кыргызстандын темир жол компаниясына кат келген. Анда Өзбекстандагы көпүрөнүн кооптуу абалда болгонуна байланыштуу ал жерде тыгын пайда болгону айтылган. Керимкулов “Азаттыкка” маселенин саясий өңүтү жок экенин кошумчалады. (AKu)