Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Малала Юсуфзай - Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер


Дүйшөмбү күнү Стокгольмдо Нобель сыйлыгынын лауреаттары аныкталат. Нобель тычнтык сыйлыгын алууга башкы талапкер катары пакситандык жаш активист кыз Малала Юсуфзай аталууда. Ослодо жайгашкан тынчтыкты иликтөө Институтунун директору Кристиан Берг Харпвикен Малала бул сыйлыкты алууга негизги талапкер экенин белгиледи. 2012-жылы бул сыйлык Евробиримдикке тапшырылып, коомчулук бул чечимди бир беткей кабыл алган эмес.

16 жаштагы Малала Юсуфзайга бир аз баштараак Лондондо орус журналисти Анна Политковская атындагы сыйлык ыйгарылды. 2012-жылы Малала Юсуфзайга талибдер кол салып, аны өлтүрөбүз дешкен. Малала балдардын жана кыздардын билим алуудагы тең укуктуулугу үчүн күрөшүп келет.

Сыйлыкты 104 жаштагы Николас Уинтон тапшырды. Ал нацисттик оккупация кезинде Чехословакияда жүздөгөн жөөт балдарды өлүмдөн сактап калган.

Малала Юсуфзай 11 жашынан тарта Би-Би-Си медиа компаниясына блог жазып, Пакистандагы Сват аймагындагы балдардын турумушу тууралуу айтып берчү. Блогдо согушчандарды да сындачу.

Учурда Юсуфзай окуусун Бирмингемде улантууда. Бирмингемге ал үй-бүлөсү менен дарылануу үчүн көчкөн.

2006-жылы өлтүрүлгөн Анна Политковская атындагы сыйлык 2007-жылы Reach All Women in War бейөкмөт уюму тарабынан түптөлгөн. Сыйлык согуш өтүп жаткан аймактарда адам укуктарын сактоо боюнча иш алып барган аялдарга тапшырылат. (AiK)

XS
SM
MD
LG