Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Египетте кагылыштан кеминде 51 киши набыт болду


Мурунку президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунда жүздөй киши жаракат алды. Маалыматтарга ылайык, 40 киши Каирде, калгандары түштүк аймактарда өлтүрүлдү.

Каирдеги борбордук Тахрир аянтына аскер парадын көрүү үчүн келген жүздөгөн кишилер аянтка киргизилбей артка куулган учурунда кагылыш болду. Жекшембиде Египет Израил менен Жакынкы Чыгыш согушунун 40 жылдыгын белгиледи.

Ички иштер министрлиги Мурсинин 423 тарапкери кармалганын маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG