Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши президент Алмазбек Атамбаевди үч оппозиционер депутатты актаган судьяларды иштен албоого чакырды. Бүгүн укук коргоочулар мамлекет башчыга кайрылуу жолдоп, Соттор кеңешинин Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыевди кызматынан алуу тууралуу сунушун колдобоого үндөдү.
27-сентябрда Кыргызстандын Соттор кеңеши "Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган. Бул сунуш президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.
Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Бирок кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. Ал эми Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Үч депутат соттолгону үчүн мандатынан айрылды. (RK)