Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Медицина боюнча Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аталды


Нобелдин медицина жаатындагы сыйлыгы америкалык окумуштуулар: Жеймс Ротман, Рэнди Шекман жана Томас Зюдхофко ыйгарылды. Бул жөнүндө Швециянын Каролин институтунун алдындагы Нобел комитетинин өкүлү Горан Хэнссон бүгүн Стокольмдо жарыя кылды:

- Физиология же медицина боюнча Нобел сыйлыгы адамдын клеткаларынынын өз ара байланышындагы чоң унаа системасынын касиеттерин ачканы үчүн Жеймс Ротман, Рэнди Шекман жана Томас Зюдхофко ыйгарылды.

Нобел сыйлыктарын ыйгаруу сезону жыл сайын медицина тармагынан башталат. Жума күнү Нобелдин тынчтык сыйлыгынын жаңы лауреаты аталат. Ага эң чоң талапкер деп пакистандык кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малала Юсафзай аталууда. Малаланы өткөн жылы талибдер башына атып кетип, анын өмүрүн британ хирургдары сактап калган.

Быйыл жеңүүчүлөр 1, 2 миллион АКШ долларын алат. Сыйлык 1895-жылы швециялык ишкер Алфред Нобел тарабынан негизделген.

XS
SM
MD
LG