Окуя болуп жаткан жерден кабарчыбыздын маалымдашы боюнча, митингдин катышуучулары ушул тапта облустук телеканалдын имаратына баратышат. Алар Кумтөр боюнча жаңы меморандумга каршылыгын теле аркылуу билдиришмекчи. Күндүзү митингчилерге облустук телеканалдын жетекчи орун басары Амангелди Жунусов эки тараптуу кылып, түз ободон убакыт бөлүп берүүгө макулдугун берген эле.
Караколдо кырдаал курч бойдон. Милиция облустук администрациянын алдында 4-5 катар тизилип турат. Түштөн кийин аймакка автобустар менен кошумча күч алып келинген. Митингчилер эгерде күч колдонулчу болсо, Каптагаев отурган автоунааны өрттөйбүз деп эскертишүүдө. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаев отурган автоунаага бензин чачылган.
Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү үчүн канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык митинги Караколдун борбордук аянтында эрте менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан.(MK/ZKo)