Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Египетте террордук чабуулдан 10 аскер өлдү


Суец каналына чукул Исмаилия шаарында аскерий черүүгө кол салуудан жана автомобилге коюлган бомба жардыруусунан кеминде он жоокер набыт болду. Эки окуя тең Исмаилиянын түндүк ыптасында болду. Бул жерде акыркы апталарда согушчандар деп шектелген адамдар аскерлерге үзбөй ок ачышууда. Каирде болсо Египеттеги эң чоң сателлиттик байланыш станциясын белгисиз бирөөлөр эки жолу граната аткычтан аткылады. Чабуулдан бир сателлит табагы зыян тартканы кабарланды. Синай жарым аралындагы ат-Тур шаарчасында аскерлердин казармасында бомба коюлган автомобиль жарылып, беш жоокер өлдү жана 50 адам жараат алды. Синайда исламчыл согушчандардын чабуулунан акыркы айларда ондогон аскерлер жана полициячылар катардан чыккан.

XS
SM
MD
LG