Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Караколдогу митингди айыптады


Аталган коалиция парламенттеги фракция башчыларына кайрылуу жолдоп, Караколдогу “зомбулук менен коштолгон митингди” сынга алууга чакырды. Бул тууралуу коалиция тараткан билдирүүдө айтылат. Анда мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн барымтага алуу жана ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр менен бийликке талап коюу аракеттери сынга алынган. “Тынч митинг өткөрүү эркиндиги анын тынч мүнөзү менен сыпатталат. Зомбулук, тартип бузуу жана бийлик өкүлдөрүн коркутуу мындай кырдаалда жосунсуз” деп айтылат кайрылууда.

“Демократия жана жарандык коом” коалициясы мамлекеттик бийликке, парламенттеги фракция башчыларына, ЖК комитеттеринин төрагаларын митингчилердин талаптарын аткарбоого, “мыйзамга каршы аракеттердин жана зомбулуктун” уюштуруучуларынын кызыкчылыгына ылайык чечимдерди кабыл албоого чакырган.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык митинги Караколдун борбордук аянтында эртең менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG