Митингге чыккандар менен сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Вице-премьер-министр эгер тартип, мыйзам бузулса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Мамытовдун маалыматы боюнча кырдаалды калыпка салуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Учурда аймактагы кырдаал толугу менен күч кызматтарынын көзөмөлүндө.
Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык көргөзүү митинги Караколдун борбордук аянтында эртең менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан. Бир аз убакыт мурун Каптагаевдин саламаттыгын дарыгер текшерип, анын айтуусу менен өкмөт өкүлүнө дары, суу, нан берилди.(ZKo)