Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Караколдогу митинг боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көл облустук прокуратурасы 7-октябрдагы митингдеги мыйзам бузуулар: бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын маалыматы боюнча, иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылды.

ИИМ митингди кууп таркатуу учурунда милиция кызматкерлери түрдүү жаракат алганын кабарлоодо. Министрликтин маалыматы боюнча, милиционерлердин ичинде митингчилер урган таштан жаракат алгандар бар. Митингчилер ичинен жаракат алгандар тууралуу маалымат жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG