Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Каптагаев: Караколго өзгөчө абал киргизилбейт


Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаев облустук теле аркылуу кайрылуусунда билдирди. Анын айтуусунда, шаарды кайтаруу жана күзөт кызматы күчөтүлдү. "Шаардыктар чочулабай, тынч эс ала беришсе болот",- деди Каптагаев.

Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү үчүн канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык митинги Караколдун борбордук аянтында эртең менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан. Кечки саат тогузга чукул милиция митингчилерди кууп таратып, Каптагаевди бошоткон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG