Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кармалган митингчилер Бишкекке жеткирилди


Караколдогу митингден кийин кармалган 23 киши Бишкекке жеткирилди. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторунда кармалмакчы.

Ысык-Көл облустук прокуратура 7-октябрдагы митингдеги мыйзам бузуулар: бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Прокуратуранын маалыматы боюнча, иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылды.

Кечээ жергиликтүү милиция Кумтөргө байланыштуу митингди кууп таркатууга мажбур болгон. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG