Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Караколдо митингден кийин төрт киши ооруканага жатты


Каракол шаарындагы кечээки митингден улам облустук биргелешкен ооруканага 10 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Алардын алтоо анча оор болбогондуктан амбулатордук жардам алып кетти. Ал эми калган төртөө оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Алар мээси чайкалып, көк-ала, тытынды болгондор. Медиктердин айтымында, абалы орто, баары керектүү дары-дармек менен камсыз болушкан.

Ысык-Көл облустук милициясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, ооруканага кайрылгандардын бешөө милиция кызматкерлери болчу, азыр ооруканада калгандары экөө. (RK)

XS
SM
MD
LG