Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Саруу айылына кетчү жол буулду


Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы Кашат көпүрөсүнүн үстүндө эл чогула баштады. Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай, алар Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду бууп турат. Чогулгандардын саны 400дөй киши. Буга чейин алар Саруу айылынын Маданият үйүнүн алдына барып чогула баштаган болчу.Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар. 7-октябрда "Кумтөр элдин колуна өтсүн" деген талап менен митингге чогулгандар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Күч колдонулгандан кийин гана Каптагаев бошотулуп, митинг тараган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG