Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

USAID Баткенге Жаштар борборун ачып берди


Бүгүн Баткен шаарында Жаштар борбору ачылууда. Долбоорду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) каржылады. Ошондой эле аталган уюм Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент жана Чарбак айылдарындагы мектептердин жабдуусун жаңылап, спортзалын оңдоп берди.

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Кыштут айылынын жана Сох анклавынын жашоочуларынын ортосунда бир нече жолу чатак чыккан. Бул кагылышууларга айрыкча жаштар катышканы байкалган.

Долбоордун максаты - Согмент жана Чарбак айылдарынын жана Баткен шаарынын жергиликтүү өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүп, жаштардын арасындагы карым-катнашты жакшыртуу. (RK)

XS
SM
MD
LG