Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Караколдо абал тынч


Каракол шаарында бүгүн абал тынч. Нааразылык акциясы Жети-Өгүздүн Саруу айылында өтүүдө. Аталган айылдын тургундары шаарга кетчү жолду бутактар менен бууп койду. Кашат көпүрөсүнүн тегерегинде чогулгандардын саны 200дөй киши. Кечээ Саруудан окшош кийинген 60тай атчан киши Караколдун борбордук аянтында Кумтөргө каршы митинг өткөргөнү барган. Бирок акция башаламандыкка айланып, өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаев митингчилер тарабынан барымтага алынган. Күч колдонулгандан кийин митинг тарап, Каптагаев бошогон. Кылмыш иш козголуп, кармалган 23 киши азыр УКМКнын тергөө абагында жатат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG