Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Мамытов: Эгер коркунуч жаралса, тиешелүү чара көрүлөт


Жети-Өгүз районунун элине жана жалпы эле коопсуздукка коркунуч жарала турган болсо митингчилерге карата тиешелүү чара көрүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, окуя болуп жаткан жакта тартип коргоо кызматкерлери жана тиешелүү күч жетиштүү, андыктан көл тарапка Бишкектен кошумча күч жөнөтүлгөн жок.

"Саруунун үстүн тегеренип жүргөн эмне тик учактар?" деген суроого жооп берип жатып Токон Мамытов ал Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учактары экенин, алар кырдаалга көз салып, эгер оор жараат алгандар болсо, алып кетүү үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди.

Кечээ Караколдо өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу жана башаламандык менен коштолгон митингди күчтөп таратуу учурунда 10 киши, анын ичинде 5 милиционер жараат алган болчу. Азыр Караколдо тынч, бирок Саруу айылында 200дөй киши чогулуп, жол тосулуп турат, атайын кызматтын бир унаасы өрттөлүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG