Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Суваналиев: Караколдогу окуя бийликтин аракетсиздигинен чыкты


Мындай пикирин “Каршылык көрсөтүү“ оппозициялык кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү май айындагы Жети-Өгүздөгү окуядан соң чечкиндүү аракет жасап, Кумтөр маселесин чечиши керек болчу. Бирок өкмөт мындай кадамдарды жасай алган жок.

Суваналиев Караколдогу окуялардын артында “Каршылык көрсөтүү” кыймылы турат деген маалыматты да четке какты. Анын айтымында, ал жетектеген кыймылдын лидерлери 10-октябрда Талас шаарында митинг өткөрүүгө даярданып, аталган шаарда жүрүшөт. Бул митингде учурдагы коалициялык өкмөттү таратып, анын ордуна элдик ишенимдеги өкмөт түзүү талабы коюлмакчы.

Кечээ Караколдо Кумтөргө байланыштуу 300дөй киши чогулуп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган. Алар өкмөттүн Кумтөр боюнча сунуштаган меморандумун жокко чыгарууну талап кылышкан. Акция башаламандык менен коштолгондуктан милиция чогулгандарды күч менен тараткан. Бүгүн да Жети-Өгүздүн Саруу айылында 400гө жакын киши чогулуп, Каракол-Бишкек жолун буушту.(BkA)

XS
SM
MD
LG