Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Сарууда буулган жолдор ачылды


Саруу айылында буулган жол ачылды, унаалар кенен каттап жатат. Митингчилердин атынан 6 киши районго сүйлөшүүгө кетти. Кабарчыбыздын айтымында, алар камалган митингчилердин бошотулушун талап кылмакчы. Жол ачылды, бирок митингчилер тарап кете элек.

Буга чейин Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев менен сүйлөшүү өткөн, бирок натыйжасыз аяктаган. Кармалгандарды бошотуу өкмөттүн эмес, тергөө жана сот органдарынын ыйгарым укугу экенин вице-премьер-министр Токон Мамытов да айткан.

Кечээ Караколдо Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган 300дөй кишинин митинги башаламандыкка айланып, өкмөт өкүлү барымтага алынган болчу. Милиция күч колдонуп, 23 кишини кармап кеткен. Ал эми августтун этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Бүгүн Саруу айылынын 200дөй тургуну үч жерден жол бууп, район жетекчилигинен жогоруда айтылгандарды бошотууну жана Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгарууну талап кылууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG