Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Саруудан журналисттер чыгарылды


Митингдин уюштуруучуларынын бири журналисттерге бул жерде калбай кетүүсүн айтып, түнкүсүн күч кызматтары тарабынан дагы күч колдонуу күтүлүп жатканын, андан журналисттер жабыркап калуусу ыктымалдыгын билдирген. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, ушул тапта Бишкектен Саруу жана Дархан айылдарына кеткен жолдордо топтошкон адамдар кетпей турушат. Бир аз убакыт мурун жолду тосуп тургандарга атчан жигиттер келип, жолду ачтырышкан.

Бүгүн түшкө жуук Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду Кумтөр ишканасы тууралуу меморандумдан баш тартууну, 7-октябрда Каракол митингинен кийин камалган 23 кишини жана Кумтөрдүн жетекчилигинен акча талап кылды деп камакка алынган эки кишини бошотууну талап кылгандар тосуп салышкан. Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG