Анда Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундарынын каршылык акцияларынан пайдаланып, айрым саясий күчтөр тарабынан Ысык-Көл областында коомдук-саясий кырдаалды курчутууга аракеттер жасалды деп айтылат.
Билдирүүдө ошондой эле 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг бийлик өкүлүн барымтага алып, өмүрүнө коркунуч келтирип опузалоо менен коштолгону, шаардыктардын тынчын алып, соода түйүндөрүнүн, тейлөө объекттеринин жана коомдук унаанын иштөөсүнө тоскоолдук кылганы айтылат.
Билдирүүдө андан тышкары 8-октябрда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун тоскондордун да жана 7-октябрдагы митингчилердин да чыныгы кызыкчылыгы жалпы элдин кызыкчылыгына дал келбейт жана байланышы жок деп айтылат. “Бул мыйзамсыз аракеттердин артында эптеп бийликке жетүүнү эңсеген айрым саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы турат, алар бийлик үчүн коомдук-саясий кырдаалды курчутууга, башаламандыктарды уюштурууга жана элге, өлкөнүн экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө да даяр” деп жазылат билдирүүдө.
Өкмөт ушундай эле саясий акцияларды уюштуруу аракеттери өлкөнүн башка аймактарында да байкалып жатканын белгилеп, бирок көпчүлүк эл аларды колдобой жатканын, өкмөттүн дарегине мыйзам бузгандарга, кыргызстандыктардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандарга карата чараларды көрүү талабы менен жарандардан кайрылуулар келип жатканын да белгилейт. Ошондой эле билдирүүдө учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы бекемделип, жарандарды Конституцияны ыйык сактоого жана башка кыргызстандыктардын укуктарын сыйлоого чакырык ташталган.
Билдирүүнүн соңунда өкмөт саясий акциялардын кээ бир уюштуруучулары тандап алган ультиматумду кабыл албасы жана коомдук-саясый абалдын бузулушуна жол бербөө максатында, өлкөдө тынчтыкты жана жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрүн билдирген.(ZKo)