Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Караколдо жана Сарууда түн тынч өттү


Ушул тапта аймакта жүргөн кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызынын маалыматы боюнча аймакта түн тынч өттү. Саруу, Дархан айылдарына кеткен жолдор ачык. Көчөлөрдө топтошкон эл көрүнбөйт. Караколдо да тынч, шаар өз жашоосу менен жашоодо деп билдирет кабарчыбыз.

Кечээ түшкө жуук Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду Кумтөр ишканасы тууралуу меморандумдан баш тартууну, 7-октябрдагы Каракол митингинен кийин камалган 23 кишини жана Кумтөрдүн жетекчилигинен акча талап кылды деп камакка алынган эки кишини бошотууну талап кылгандар тосуп салышкан. Жол түнгө чейин эки ирет жабылып, ачылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG