Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Азербайжан: Алиевдин жеңиши күтүлүүдө


9-октябрда боло турган президенттик шайлоодо Илхам Алиев 3-мөөнөткө оңой эле президент болуп кала алат деген иликтөөчүлөр ага бул жеңишти расмий жыйынтык камсыздап берет деп айтышууда. Оппозициянын бирден бир талапкери Жамил Хасанлинин тарапкерлери Алиевди коррупция жана адам укугунун бузулушу үчүн күнөөлөп келишет. Алиевдин тарапкерлери болсо Каспий деңизинин жээгиндеги мунайга бай өлкөнүн экономикасы өсүп жатканы үчүн эле Илхам үчүнчү мөөнөткө президент болууга татыктуу деп бекемдешет.

Беш жыл мурунку президенттик шайлоодо Илхам Алиев дээрлик 90% добуш менен жеңишке ээ болуп, 2-мөөнөткө отурган. Ал шайлоону батыштык байкоочулар адилетсиз жана көз каранды деп айыпташкан.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму азербайжан өкмөтү шайлоодо башкача добуш берүүчүлөрдү колунан келишинче чектөөгө аракет кылып жаткандыгын өткөн айда билдирип чыкканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG