Бул тууралуу Таластын Көк-Сай айылынын айрым тургундары Бишкектеги маалымат жыйынында айтып чыгышты. Алардын айтымында, 8-октябрда Жогорку Сот аталган айылдын тургуну Абдималик Турсункуловдун үйүн тинтүү боюнча Маңзат көзөмөл агенттиктин кызматкерлеринин аракетин мыйзамдуу деп тапты. Көксайлыктар бул бийликтин буйругу менен болгонун айтып, 10-октябрдагы Таластагы нааразылык акциясында ушул маселени көтөрүп чыгаарын билдирүүдө.
Буга чейин июл айында аталган агенттиктин кызматкерлери Турсункуловдун үйүнөн 8 киллограммга жакын маңзат тапканы айтылган. Жергиликтүү тургундар бул атайылап уюштурулду деп чыгышкан. Алардын жүйөсүндө Көк-Сай айылындагы 4 миң гектардан ашык жерди Казакстанга өтүп кетиши боюнча маселени көтөрүп чыккан Турсункуловду каралоо үчүн мындай иш жасалып жатат. Андан соң алардын арызынын негизинде Талас облустук соту Турсункуловдун үйүн тинтүү тууралуу токтомду жокко чыгарган болчу.(BkA)