Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Саруунун үстүндө тик учактар пайда болду


Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын үстүндө кайрадан тик учактар пайда болду. Кабарчыбыздын айтымында, эки тик учак айылдын үстүндө тегеренип жүрөт. Айыл өкмөттүн жанында элүүдөй киши чогулуп турат. Эки тик учак Сарууга кечээ да жөнөтүлгөн. Вице-премьер-министр Токон Мамытов алар куралдуу күчтөрдүн тик учактары экенин, кырдаалга көзөмөл кылуу үчүн жөнөтүлгөнүн айткан болчу. Алардан ок атылды деген кабар тараган, бирок бул маалымат жалган болуп чыккан. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG