Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

ИИМ: Дайынсыз жоголгон митингчилер боюнча маалымат жок


Каракол жана Жети-Өгүздөгү митингдер учурунда кимдир бирөө дайынсыз жоголгону жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, издөө салып, милицияга арыздангандар да жок. Бүгүн Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары аким менен жолукканда соңку митингдерге катышкандардын 80ге жакыны дайынсыз болуп жатат деп билдирген болчу. Каракол шаарында 7-октябрда Кумтөргө байланыштуу чогулган митинг башаламандык, бийлик өкүлүн барымтага алуу менен коштолгондуктан 23 митингчи камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG