Ооганстандагы талиптер Пакистан кыймыл лидерлеринин бири молдо Барадарды бошотуу убадасын аткарган жок деп ырасташууда. Ооганстанда ал көпчүлүк тарабынан тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга көмөктөшө алган адам катары каралууда.
Исламабад сентябрда Барадарды коё бергенин айтып, бирок ошондон бери анын кайсы жакта экенин шардана кылган эмес. Кабарларга караганда, айрымдар аны ооган чек арасына жакын жердеги Пешавар шаарында катуу кайтарылган турак жайларда көрүшкөн.
"Талибандын" маалымат өкүлү Забихулла Мужахид Барадар “күнү-түнү абакта отурганын” айтып, “ден соолугу начарлап баратат” деди. Үстүбүздөгү аптада Ооганстан президенти Хамид Карзай Барадардын эркиндиги дагы эле чектелип жатканын белгилеп, Пакистанды бул маселеде кызматташууга чакырды. "Биз аны менен байланышуу жолдорун же дарегин табууга аракеттенип жатабыз", - деди Карзай.
Ооганстандагы "Талибандын" ана башчыларынын бири 2010-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы менен биргелешкен операция маалында Пакистандын Карачи шаарында колго түшүрүлгөн.