Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Бо Силайдын апелляциялык арызы каралат


Кытай коммунисттик партиясынын мурдагы жергиликтүү жетекчилеринин бири Бо Силай апелляциялык арызын тапшырды. Расмий билдирүүгө караганда, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Бо Силайдын арызын Шандун чөлкөмүнүн соту карамакчы.

Сентябрда Чунцин шаарынын соту мурдагы саясатчыны коррупция, көз боёмочулук жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн айыптуу деп тапкан. Бо Силай өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Чунцин шаардык комитетинин мурдагы төрагасы келечеги кең саясатчы болуп эсептелчү. Бирок өткөн жылы кызматынан алынып, Компартиядан чыгарылган жана жогорку мыйзам чыгаруучу органындагы мандатынан ажыратылган.

Тергөө ал 4 жарым миллион долларды мыйзамсыз жол менен алганын аныктаган.

XS
SM
MD
LG